Барскоон-Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк курулат

Барскоон-Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк курулат

Барскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер өтмөк куруларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141-216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери кызуу уланууда. Подрядчы компания тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады.

"Азыркы тапта жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон – Каракол унаа жолунун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген.

Долбоордо 5 көпүрөнү куруу, 8 даана жер алдынан өтүүчү өтмөк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Курулуш иштери 2025-2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү – 5 жыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

23-мартка карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 69 миң 851 адамды түзгөнүн Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Анын ичинде 26 миң 219 юридикалык жак жана 43 миң 632 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле айрым жеке жактар декларация тапшырышкан. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү декларацияны акыркы мөөнөткө калтырбай, алдын ала

Каракол шаардык жол чарбасы 56,5 сомдук битум сатып алууга тендер жарыялады

Каракол шаардык жол чарбасы 56,5 сомдук битум сатып алууга тендер жарыялады

Каракол шаардык жол чарба муниципалдык ишканасы 2026-жылга асфальт-бетон аралашмасын өндүрүү үчүн битум сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 56,5 млн сомду түзөт жана бул шаардагы жол тармагындагы негизги сатып алуулардан бири болуп саналат. Сатып алуу баа сунуштарын суроо ыкмасы менен жүргүзүлөт. Жарыя 2026-жылдын 23-мартында жарыяланган, ал эми

Росатом Кыргызстанга АЭСтерди курууга даяр экенин билдирди

Росатом Кыргызстанга АЭСтерди курууга даяр экенин билдирди

Росатом Кыргызстанда кичи жана орто кубаттагы атомдук электр станцияларын (АЭС) курууга даяр экенин билдирди. Азыркы учурда бул маселе боюнча Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын корпорациянын башчысы Алексей Лихачев RT телеканалына берген маегинде айтты. Анын айтымында, тараптар бул маселени шашпай карап жатышат, анткени ири атомдук долбоорго катышуу бардык тобокелдиктерди

Уюлдук телефон саткан дүкөндөн 65 миң доллар уурдагандар кармалды

Уюлдук телефон саткан дүкөндөн 65 миң доллар уурдагандар кармалды

Кара-Суу районунда уюлдук телефон саткан дүкөндөн 65 миң доллар уурдоого шектелгендер кармалганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 25-февралында ички иштер органдарына 1996-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кайрылган. Ал 22-февралдан 23-февралга караган түнү белгисиз адамдар дүкөнгө кирип, 65 миң доллар уурдап кеткенин билдирген. Бул факт