Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

Кыргызстанда 69 851 адам салык декларациясын тапшырды

23-мартка карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 69 миң 851 адамды түзгөнүн Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде 26 миң 219 юридикалык жак жана 43 миң 632 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле айрым жеке жактар декларация тапшырышкан. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү декларацияны акыркы мөөнөткө калтырбай, алдын ала тапшырууга чакырат.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:
  • ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.
  • мамлекеттик үлүшү бар мекеме, ишкана же уюмдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.

1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:

  • жеке ишкерлер (0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары боюнча патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында иш жүргүзгөндөрдү, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбаларын кошпогондо);
  • эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген КР жарандары;
  • отчеттук мезгил үчүн киреше салыгы кармалбаган салык салынуучу киреше алган жеке жактар.

Башка жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк жеңилдиктерди алууну каалагандар, декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат.

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Оштогу Увам каналынын жээгине сейил бак курулууда

Ош шаарындагы Увам каналынын жээгинде шаар тургундары үчүн жаңы заманбап коомдук мейкиндик түзүлүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мурда мыйзамсыз курулуштардан бошотулган аймакта жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу отургучтар коюлду. Ошондой эле автоматтык сугаруу тутуму жана түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулду. Жакын арада жаңы сейил бак пайдаланууга берилип, шаар

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Ысык-Көлдөгү инфраструктуралык объектилер текшерилди

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, алгач Министрлер Кабинетинин төрагасы Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Ысык-Көлдөгү бир катар жол курулуш иштери текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жолдордогу курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Жети-Өгүз курортуна баруучу унаа жолдун жана Каракол – Барскоон унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа