Жибек Жолундагы көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге кеңейтилип, ал толук ачылды
Кечээ Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан кийин толук ачылганын мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Натыйжада көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге кеңейтилди.
Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жасалды. Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген.
Белгилей кетсек, буга чейин көпүрөнүн түндүк тарабы ачылган болчу.