Бишкекте унаасына LED лампа койгон айдоочуларга айып пул салына баштады
Бишкекте унаалардын арткы бурулуш көрсөткүчтөрүндө ак түстөгү светодиоддук лампаларды колдонуу учурлары көбөйдү. Бул жолдо кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн экенин Патрулдук милиция кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкү убакта кызматкерлер Hyundai Sonata унаасын токтотушкан. Айдоочу арткы бурулуш көрсөткүчтөрүнө ак LED лампаларды орнотуп алган. Мындай өзгөртүү жол кыймылынын эрежелерине каршы келет.
Айдоочу жоопкерчиликке тартылды. Эреже бузуу ошол жерде эле жоюлуп, лампалар стандарттуу кызгылт сары түстөгүлөргө алмаштырылды.
Патрулдук кызмат белгилегендей, бурулуш көрсөткүчтөр сөзсүз түрдө кызгылт сары түстө болушу керек. Ак лампаларды колдонуу башка айдоочуларды адаштырып, өзгөчө түнкү убакта коопсуздукту төмөндөтөт.
Мекеме айдоочуларды белгиленген талаптарды сактоого жана коопсуздукка таасир эте турган өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө чакырды.