Түндүк айланма жолунун ар бир тилкесинин туурасы 3,75 метр болот
Бишкектин Түндүк айланып өтүүчү автожолун реконструкциялоо иштери уланып жатат. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жолдун жүрүү бөлүгү алты тилкеге чейин кеңейтилет. Ар бир тилкенин туурасы 3,75 метрди түзөт.
Курулуш иштери Алматы—Бишкек—Ташкент жана Бишкек—Нарын—Торугарт жол тилкелеринде жүргүзүлүүдө. Долбоорду ишке ашырууга 537 жумушчу жана 243 атайын техника тартылган.
Учурда Нооруз дарыясы аркылуу өткөн көпүрөдө унаа жүрүүчү плиталарды орнотуу иштери аяктады. Канал үстүндөгү көпүрөдө тирөөч конструкциялары орнотулуп, жолдун негизин тегиздөөгө даярдык жүрүп жатат.
Ошондой эле жол боюндагы дарактарды кыюу, аймакты тазалоо жана жараксыз материалдарды чыгарып кетүү иштери уланууда.
Айдоочулар үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында негизги жол тилкесинде чуңкурларды оңдоо иштери туташ жүргүзүлүп, суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда.
Министрликтен билдиришкендей, реконструкция бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.