"Манас" аэропортуна кирүүчү жаңы айланма жол курулат
"Манас" эл аралык аэропортунда жаңы кирүүчү автожолду куруу пландалып жатат. Ал аэробекеттик комплексине ыңгайлуу жана тартиптүү жетүүнү камсыздап, жол акы төлөөнүн автоматташтырылган системасын киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоорду ишке ашыруу маселеси "Кыргызстан Аэропорттору" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев ортосундагы жумушчу жолугушууда талкууланды. Тараптар долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу жүрүшүн, ошондой эле аэропорт аймагындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин карашты.
Долбоорго ылайык, жолдун узундугу болжол менен 1,6 чакырымды түзөт. Жаңы трасса Бишкек — "Манас" аэропорту магистралдык жолуна параллель өтөт.
Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, Мраморное айылы тарапка бурулуш жеринде жаңы жолго ыңгайлуу кирүү үчүн айланма жол уюштурулат. Кирүүчү бөлүгү эки тилке менен башталып, автоматтык төлөм шлагбаумдары жайгашкан аймакта сегиз тилкеге чейин кеңейет, андан соң кайра эки тилкеге кыскарып, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайга чейин уланат.
Чыгуу жолу унаа токтотуучу жайдан башталат. Ал да эки тилкелүү болуп, төлөм аймагына жеткенде алты тилкеге чейин кеңейет. Андан кийин транспорт агымы айланма жол аркылуу шаар тарапка багытталат.
Кирүүчү жана чыгуучу жолдордун ортосунда жашылдандыруу каралган. Долбоордун максаты — заманбап транспорттук инфраструктура түзүү, өткөрүмдүүлүктү жогорулатуу, тыгындарды азайтуу жана жол акы төлөөнүн эффективдүү системасын киргизүү.
Учурдагы жол "Манас-2" аэробекеттик комплексине жетүү үчүн, ошондой эле расмий делегациялар менен өкмөттүк кортеждерди тейлөө үчүн гана колдонулат.