Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди.

Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен Гуанчжоуга 104 жүргүнчү учту.

"Бул жаңы багытка карата чоң кызыгуу бар экенин көрсөтөт. Бул каттамдын ачылышы жүргүнчү жана жүк ташуу жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын транспорттук, экономикалык жана гуманитардык байланышын бекемдөөгө жардам берет. Каттамды ишке киргизүү — маршруттук тармакты кеңейтүүнүн жана Кыргызстандын эл аралык байланыштарын күчөтүүнүн маанилүү кадамы. Бул багыттын потенциалы жогорку — как жүргүнчү агымы, ошондой эле жүк ташуу жаатында да", — деди  "Кыргызстана аэропорттору" ААКсынын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Сууда 75 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ак-Суу райондук прокуратурасы мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тактап айтканда, 1993-жылы 2 гектар жер аянтында жайгашкан 4 корпустуу “Алтын-Булак” санаторийи жана 2021-жылы Каракол айыл аймагындагы 0,51 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги белгилүү болду.

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

Быйыл өлкөдө 1100 чакырымдан ашык жол курулуп, оңдолот

2026-жылдын курулуш мезгилинде Кыргызстан боюнча стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор кеңири масштабда курулуп, оңдолот. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов,

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Кыргызстанда кыргыз-беларус бизнес-форуму өтөт

Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форумун өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, элчи Беларусь Соода өнөр-жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен жолугушуп, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-беларус бизнес-форумуна даярдык маселелери талкууланды. Форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз