Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруудан бюджетке 350 млн сом түшпөй калды

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруудан бюджетке 350 млн сом түшпөй калды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча акциянын натыйжасында мамлекет болжол менен 350 млн сом кирешеден кур калды. Ошол эле учурда жарандарга 378 миң жаңы күбөлүк бекер берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акция 15-январда башталып, 31-мартка чейин уланган. 1-апрелден тарта күбөлүктөрдү алмаштыруу акылуу болот.

Ошондой эле ал 2026-жылдын аягына чейин мөөнөтсүз күбөлүк ээлери үчүн алмаштыруу процедурасы 083-формасындагы медициналык маалымкатсыз жүргүзүлөрүн кошумчалады. Ал эми мөөнөттүү күбөлүгү бар айдоочулар документтерин мурдагыдай эле тартипте алмаштыра беришет.

Президенттин иш башкармалыгынын орун басары бул акция айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин жөнөкөйлөтүп, аны өлкө боюнча жарандар үчүн жеткиликтүүрөөк кылганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө мыйзамсыз берилген 70 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз берилген 70 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунда мыйзамсыз менчикке берилген кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 гектар жер тилкеси 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган. Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы

Салык кызматында жетекчилик курам жаңыланды

Салык кызматында жетекчилик курам жаңыланды

КРнын Мамлекеттик салык кызматында төраганын орун басарлары алмаштырылды. Тиешелүү тескемелерге 2026-жылдын 30-мартында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечимге ылайык, Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары болуп Нурлан Максутов жана Нурлан Маманов дайындалды.  Бүгүн, 31-мартта, мекеменин төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жаңы жетекчилерди жалпы жамаатка расмий түрдө тааныштырды. Буга чейин бул

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды

Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда. Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?

Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой