Нарын облусунда жол куруу иштери күчөтүлдү
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, Нарын–Баетов (5–120-чакырым) жана Баетов–Макмал (0–30-чакырым) унаа жолдорундагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Учурда долбоордун алкагында негизги даярдык иштери жүрүп, карьерлерди иштетүү башталды. Бул курулуш материалдары менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөт.
Иштер “China Railway №5”, “Венчин” компаниясы жана №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ар бир участок боюнча иш пландар такталып, топографиялык изилдөөлөр активдүү уланууда.
Улукбек Жанибеков курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле иштер бекитилген долбоордун негизинде жүргүзүлүп, сапат тыкыр көзөмөлдөнүшү керектигин баса белгиледи.