Кыргызстанда автоунааларды онлайн каттоо убактылуу киргизилди
Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарын жана аларга менчик укуктарын онлайн режиминде мамлекеттик каттоону киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин автоунаалардын айрым категорияларын онлайн форматта каттоо боюнча убактылуу укуктук жөнгө салуу киргизилет.
Бул чара айдоочулук курамды каттоо системасын тартипке келтирүү, транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.
Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар онлайн-каттоо системасынын иштешин камсыздап, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ошондой эле долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча квартал сайын отчет берилет.
Эгер бул пилоттук тартип ийгиликтүү ишке ашса, транспорт каражаттарын онлайн каттоону туруктуу негизде киргизүү каралат.