Ош–Кара-Суу жана Гүлчөдө жолдор 4 тилкелүү болуп кеңейет

Ош–Кара-Суу жана Гүлчөдө жолдор 4 тилкелүү болуп кеңейет

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков иш сапары менен Ош облусуна барып, бир катар унаа жолдордогу курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Ал Ош–Кара-Суу унаа жолун, Кара-Суу шаарындагы Х.Юлдашев көчөсүн, Алай районунун Гүлчө шаарындагы Алымбек Датка көчөсүн жана Пад–Будалык–Көбүргөн унаа жолун жеринде көрүп чыкты.

Кароо учурунда тиешелүү кызматтарга курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү, ошондой эле жумуштарды тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, Ош–Кара-Суу жолунун оңдолчу бөлүгү 18,7 чакырымды түзүп, жол 4 тилкелүү болуп, туурасы 12–15 метрге чейин кеңейтилет. Ал эми Гүлчө шаарындагы Алымбек Датка көчөсүнүн узундугу 4,5 чакырым болуп, 4 тилкелүү жол катары курулат.

Ошондой эле Пад–Будалык–Көбүргөн жолунун долбоорун тез арада бүткөрүү жана курулуш иштерин баштоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары, Кара-Суу шаарындагы чек ара өткөрүү пункттарына алып баруучу жолдордун абалы каралып, курулуш иштерин баштоо зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште мал оорулары жана ветеринария маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште мал оорулары жана ветеринария маселеси көтөрүлдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Аталган мыйзамды талкуулоо учурунда эл өкүлдөрү мал ооруларынын көбөйүшү жана ветеринардык кызматтардын жетишсиздиги маселесин көтөрүп чыгышты. КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков

Өлкөгө 7,6 млн сомдук дары-дармекти мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Өлкөгө 7,6 млн сомдук дары-дармекти мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз товар ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Рейд учурунда жүк ташуучу автоунаа текшерилип, тиешелүү коштомо документтери жок дары-дармектер, медициналык буюмдар жана ар кандай азык-түлүктөр табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз алып кирилген товарлардын жалпы баасы

Адал индустрияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Адал индустрияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору адал индустрия жаатындагы ченемдерди белгилөө жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Жыйында бир катар маселелер

КНСтен бошотулуучу дары-дармектердин тизмесине өзгөртүү сунушталды

КНСтен бошотулуучу дары-дармектердин тизмесине өзгөртүү сунушталды

Күн мурун Экономика жана коммерция министрлиги дары-дармек каражаттарынын, медициналык буюмдардын жана аларды өндүрүүдө колдонулуучу чийки заттардын КНСтен бошотулуучу тизмесин жаңыртуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоордо ТН ВЭД коддорун шайкеш келтирүү, укук колдонуудагы айырмачылыктарды жоюу, дары-дармектерди аныктоодо АТХ коддорун негизги критерий катары колдонуу каралган. Ошондой