Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу кайра жанданды
Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыштырган стратегиялык мааниге ээ Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун курулуш иштери кайра жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Долбоордун алкагында 2025-жылга чейин жолдун 80 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөрүлгөн. Учурда аба ырайынын жылышы жана ашуулардагы кардын эриши менен калган 20 чакырым тилкеде курулуш жана асфальттоо иштерине даярдык башталды.
Жолдун курулушу толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Унаа жолу III техникалык категорияга кирип, эки тилкелүү болуп курулууда. Ал 11,5 тоннага чейинки оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө ылайыкталган.
Бул жолдун курулушу Чаткал жана Ала-Бука райондорунун тургундары үчүн транспорттук каттамды жеңилдетип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жүк ташуунун көлөмүнүн өсүшүнө шарт түзөт.

