Караколдун муниципалдык кызматтарына унаалар тапшырылды
Бүгүн Каракол шаарында муниципалдык кызматтарга техникалык колдоо көрсөтүлүп, мэрия 16 жаңы кызматтык унаанын ачкычын тапшырды.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул техника калкты сапаттуу жана ыкчам тейлөө, ошондой эле муниципалдык милдеттерди тез жана уюшкандыкта аткаруу максатында пайдаланылат.
Жаңы унаалардын ачкычтарын Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Саламат Чыныбеков тапшырды.