“Ала-Тоо Резортко” баруучу жол быйыл пайдаланууга берилет

“Ала-Тоо Резортко” баруучу жол быйыл пайдаланууга берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна алып баруучу жолдун курулуш иштери жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Жыргалаң айылында кыш мезгили 7 айга чейин созулгандыктан, аба ырайынын жылышы менен жол куруу сезону башталып, учурда активдүү иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, Жыргалаң айылынан курортко чейинки 8,5 чакырым айланма жолдо жер жумуштары аткарылууда.

Мындан тышкары, суу өткөрүүчү курулмаларды орнотуу боюнча даярдык иштери параллелдүү түрдө жүргүзүлүүдө.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Каракол шаарынан курортко чейин 2-4 тилкелүү заманбап унаа жолу курулат. Долбоор "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренесинин алкагында каржыланууда.

Долбоорго ылайык, жолдун негизги бөлүгү толук даярдалып, асфальт төшөлүп, 2026-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул жолдун курулушу аймактагы туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга олуттуу салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Башкы кеңсесинин Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директорунун улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн учурдагы жыйынтыктарын талкуулап, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти.  Тараптар өзгөчө көңүлдү

Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан өлкө аймактарындагы жолдорду куруу, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Акыркы күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу айрым унаа жолдорунда тоо боорунан таш жана кар көчкүлөр түшүп, алар ыкчам түрдө тазаланууда. Бүгүнкү күндө республиканын стратегиялык жана ички

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

2026-жылдын 8-апрелинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды. Маалыматка ылайык, жаңы техникалардын 40 даанасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынып, ага 128 млн сом жумшалган. Калган 23 техника эл аралык институттардын колдоосу менен

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 8-апрелде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечими кабыл алынды. БШКнын маалыматына ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын депутаттык ырастамасы жараксыз деп табылды. Эскерте кетсек, Абдылдабек Эгембердиев Жогорку Кеңешке №19 көп мандаттуу шайлоо округунан