Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди.

Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт.

Маалыматка ылайык, бул жылы айдоочулардын тарифтик ставкасы жогорулатылган:

  • 2023-жылга чейин — 51 сом;
  • андан кийин — 102 сом;
  • 2026-жылдын апрелинен тарта дагы жогорулатуу күтүлүүдө, бул айлыктын өсүшүнө алып келет.

Ошондой эле ишкана жол кире төлөө ыкмасы олуттуу өзгөргөнүн белгиледи:

2023-жылы накталай эмес төлөмдөр 10–20% гана түзсө, накталай — 90% болгон;
учурда 80% жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөйт, ал эми 20% гана накталай төлөйт.

Ишкана өкүлдөрүнүн айтымында, быйыл тургундар жана айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, толугу менен накталай эмес төлөмгө өтүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу