Түндүк айланма жолунда жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма жолу менен Манас айылына алып баруучу жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн курулушу башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Азыркы учурда бул участокто көпүрөнүн тирөөчтөрү үчүн свайлар бургуланып, бетон куюу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, айланма жолдун 236–244-чакырымдарында жол катмарын кеңейтүү иштери уланууда. Ошондой эле Алматы көчөсү менен айланма жол кесилишиндеги көпүрөнүн кирүү бөлүктөрүнө асфальт төшөлүп жатат.
Министрликтин маалыматына ылайык, объектте жалпы 250 атайын техника жана болжол менен 600 жумушчу иштеп жатат. Долбоор борбор калаанын айланасындагы жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана тыгындарды азайтууга багытталган.
Эске салсак, Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 километрди түзөт. Иштер өткөн жылы башталган. Азыркыга чейин Курманалиев жана Алматы көчөлөрүнүн кесилиштеринде эки эстакадалык көпүрө курулду.
Реконструкциянын алкагында төмөнкү төрт ири көпүрө курулат:
- ГЭС-5 (мурун эле курулган);
- Алматы көчөсү (мурун эле курулган);
- Жаш Гвардия проспектиси;
- МАИ посту (Новопокровка).
Мындан тышкары, "Тулпар" базарынын аймагында да транспорттук түйүн курулат. Бул жылы 15 км жолду реконструкциялоо пландалууда: анын ичинде Алматы – Бишкек – Ташкент трассасынын 6 км бөлүгү жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 км бөлүгү бар. Жол 6 тилкеге чейин кеңейтилет. План боюнча бул тилкелерде светофорлор жана үстүңкү жөө өтмөктөр болбойт, алардын ордуна жер алдындагы өтмөктөр курулат.