Таласта “Баластан” эс алуу борборунун курулушу 45%га аткарылды
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Талас шаарында “Баластан” эс алуу борборунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, учурда курулуш иштеринин 45%ы аткарылды. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, иштер 2025-жылдын ноябрь айында башталган.
Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан туруп, шаардагы ири маданий жана эс алуу борборлорунун бири болору күтүлүүдө.
Башкы планга ылайык, борбордо аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат.
Курулуш иштеринин жүрүшү “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, объектини жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.





