Соттук-эксперттик тармак үчүн кадр даярдоо маселеси талкууланды

Соттук-эксперттик тармак үчүн кадр даярдоо маселеси талкууланды

Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертиза кафедраларынын башчылары жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда билим берүү системасы менен практикалык эксперттик ишмердүүлүктүн ортосундагы байланышты бекемдөө маселеси талкууланды. Айрыкча жаш адистердин жетишсиздиги көйгөйү көтөрүлүп, бүтүрүүчүлөрдүн эксперттик тармакта иштөөгө кызыгуусу төмөн экендиги белгиленди. Мунун негизги себептеринин бири катары айлык акынын деңгээли айтылды.

ЖОЖ өкүлдөрү да бир катар маселелерди көтөрүп, бардык бош орундарды бүтүрүүчүлөр менен камсыз кылуу кыйын экенин белгилешти. Себеби айрым багыттар боюнча тиешелүү адистиктер жетишсиз. Ушуга байланыштуу окуу программаларын кеңейтүү жана жаңылоо зарылдыгы баса белгиленди.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында окутуучуларга заманбап лабораториялык жабдуулар көрсөтүлүп, экспертизанын айрым түрлөрү боюнча практикалык процесстер тааныштырылды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу