Ноокат–Папан жолунун 5 чакырым тилкесине асфальт төшөлдү
Мамлекеттик маанидеги Ноокат–Папан унаа жолунун 5 чакырым бөлүгүндө асфальт-бетон төшөө иштери аяктады.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер 2026-жылга бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп, жолду жаңылоо иштерин №37 Жол эксплуатациялоо ишканасы аткарды.
Жаңыланган жол тилкеси айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүгө шарт түзөт.
Министрлик өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери белгиленген тартип боюнча уланып жатканын билдирди.