Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөр өттү

10-июлда Кыргызстан менен Кытайдын темир жол тармагынын өкүлдөрү жолугушуп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу маселелери талкуулашты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жолугушууга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев жана Кытай темир жол корпорациясынын башкармалыгынын мүчөсү Ван Цзиньси баштаган өкүлдөр катышты.

Тараптар долбоордун учурдагы жүрүшүн талкуулап, темир жол курулушу активдүү баскычка өткөнүн белгилешти. Ошондой эле негизги эл аралык жана инвестициялык келишимдер түзүлүп, каржылык маселелер чечилгени айтылды.

Учурда долбоордун алкагында тоннелдерди, көпүрөлөрдү куруу жана башка инфраструктуралык иштер жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз тарап курулуш иштерине жергиликтүү жумушчу күчүн тартууга, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн материалдарын жана жабдууларын колдонууга, ошондой эле экологиялык талаптарды жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо чараларын сактоого көңүл бурду.

Тараптар темир жол долбоорун белгиленген мөөнөттө ишке киргизүү үчүн курулуш иштерин тездетүү боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Депутаттар электр энергиясынын тартыштыгын талкуулашты

Бүгүн Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык маселеси каралды. Комитеттин жыйынында Энергетика министри Алтынбек Рысбеков кышка даярдык боюнча өзүнө тиешелүү тармактын маалыматын берди. Анын жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр, анын

Ишкер Media
Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогулга 3,3 млн сомдук кайык берилди

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу үчүн 3 млн 348 миң сомдук моторлуу кайык алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, "Атайын эсеп" мамлекеттик мекемеси тарабынан алынган алюминийден жасалган "Тактика 550 Круиз" үлгүсүндөгү кайык бардык жабдуулары жана чиркегичи менен Токтогул райондук

Ишкер Media
Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарында айыл чарба жарменкеси өтүүдө

Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагында азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Айыл чарба министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жарманкеде жергиликтүү дыйкан-фермерлердин жана өндүрүүчүлөрдүн экологиялык жактан таза, сапаттуу продукциялары калкка сунушталып жатат. Мекеме Нарын районунда жарманке ар жуманын дүйшөмбү күнү жатканын эске салды. Бул жарменке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

Кыргызстандын тышкы соодасы 12 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар соодасынын көлөмү 12 млрд долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин КРнын товарлардын тышкы жана өз ара соодасы тууралуу басылмасында айтылат. Мааламатка ылайык, 8 айдын ичинде өлкөдөн 2,3 млрд

Ишкер Media