Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкектеги бир катар көчөлөрдө оңдоо иштери аяктады

Бишкек шаарында борбор калаанын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча туруктуу иштер улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө бир катар көчөлөрдү жана жол тилкелерин оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышты.

Иштер аяктагандан кийин төмөнкү көчөлөр жана жол тилкелери этап-этабы менен унаа кыймылы үчүн ачылды:

–Краснодарская көчөсүнүн Барпы Алыкулов көчөсүнөн Тираспольская көчөсүнө чейинки, узундугу 510 метр болгон бөлүгү;

–Шабдан Баатыр көчөсүнө туташкан Лущихин көчөсүнүн 600 метрлик бөлүгү;

–Өмүр көчөсүнөн Эгиналиев көчөсүнө чейинки, узундугу 600 метр болгон Ак-Шоокум көчөсү;

–Чыңгыз Айтматов проспектисинен Садырбаев көчөсүнө чейинки, узундугу 1 200 метр болгон Семетей көчөсү;

–Аалы Токомбаев көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн 12-кичи райондогу “Айша” мечитине чейинки, узундугу 3 200 метр болгон тротуары;

–5-кичирайондогу Миррахимов көчөсүнөн №28, 29, 30 жана 30а үйлөрдүн боюн бойлой өткөн, узундугу 350 метр болгон жол;

–Абай көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки, узундугу 600 метр болгон Скрябин көчөсү;

–Жибек Жолу проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки, узундугу 450 метр болгон Осмонкул көчөсүнүн бөлүгү.

Бардык көчөлөрдө жана жол тилкелеринде асфальт төшөө менен катар тротуарлар курулуп, аларга чектеш аймактар да иретке келтирилди.
Көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө шаар мэри Айбек Жунушалиев аткарылып жаткан иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуунун жана чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Бишкек шаарында 136 унаа жолун жана тротуарды куруу, оңдоо жана кайра калыбына келтирүү иштери башталган. Бүгүнкү күндө алардын 68и толугу менен аяктады.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media