Ноокаттын Учбай айылында 4,5 млн сомго жол оңдолду

Ноокаттын Учбай айылында 4,5 млн сомго жол оңдолду

Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагына караштуу Учбай айылындагы Мечит көчөсүнө асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ноокат райондук админстрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун курулушунун долбоордук наркы 4 млн 500 миң сомду түзөт. Долбоорду ишке ашырууга каражат элдик салымдан 300 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 680 миң сом, түрткү берүүчү гранттан 3 млн 520 миң сом которулган.

Жолдун асфальтталышы – айылдын инфраструктурасын жакшыртууга, тургундардын каттамын жеңилдетүүгө жана коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган маанилүү иштердин бири.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 3700 метр тор жана 130 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү жана көлдүн экологиялык абалын коргоо максатында өткөн үч күндүк рейдде 3700 метр синтетикалык тор жана 130 килограмм таштанды чыгарылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейддин негизги максаты – суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо.

Бишкектин жаңы конуштарын суу жана канализация тармактарына кошуу тапшырылды

Бишкектин жаңы конуштарын суу жана канализация тармактарына кошуу тапшырылды

Бишкек шаарында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, жылдын экинчи жарымына карата негизги милдеттер белгиленди. Бул маселелер мэриянын коллегиялык отурумунда талкууланды. Жыйында мэр Айбек Жунушалиев борбор калаада жол инфраструктурасын жаңылоо, эскилиги жеткен канализация жана жылуулук тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле административдик-

Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонундагы сейил бактын курулушу текшерилди

Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонундагы сейил бактын курулушу текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Аламүдүн-1 кичи районунда, Сагынбай Манасчы көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Чокан Валиханов көчөсүнө чейинки тилкесинде курулуп жаткан жаңы сейил бактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, объектте аймакты тазалоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, учурда бетон куюу жана конструкцияларды орнотуу иштери башталган.

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат районундагы 3 айыл өкмөттүн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокат – Папан унаа жолуна үстүбүздөгү жылдын планына ылайык, 5 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Ноокат райондук админстрациясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө белгиленген план толугу менен аткарылып,Мирмахмудов, Көк-Бел айыл өкмөттөрүнө 2 чакырым асфальт төшөлдү. Ал эми Н.Исанов айыл өкмөтүнө 1 чакырым жол оңдолду. Учурда аталган жолдун 22-24-