Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

Жибек-Жолундагы канализациялык коллектор жаңыланып, жол кыймылы ачылды

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, иштер "Жибек-Жолу проспектисиндеги Турусбеков көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейинки канализациялык коллекторду капиталдык оңдоо" долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун жүрүшүндө канализациялык коллектордун диаметри 300 миллиметрден 600 миллиметрге чейин кеңейтилип, жаңы тармак Кулиев көчөсүндөгү шаардык канализациялык коллекторго кошулду.

Жалпысынан 1 243 метр канализациялык түтүк төшөлүп, диаметри 1 500 миллиметр болгон 34 темир-бетон канализациялык кудук орнотулду. Түтүктөрдүн көмүлгөн тереңдиги 3,8 метрден 6 метрге чейин жетет.

Ошондой эле Жибек-Жолу проспектисинин Иманалы Айдарбеков көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки тилкесинде жолдун асфальт-бетон жабуусу толугу менен калыбына келтирилди.

Белгиленгендей, бул тилкедеги канализациялык коллектор 1961-жылы курулган. Диаметри 300 миллиметр болгон эски түтүктүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү жетишсиз болуп, саркынды суулар менен жүктөлүшү 140 пайызга чейин жеткен.

"Бишкексууканал" билдиргендей, долбоордун ишке ашырылышы канализациялык тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, инженердик инфраструктурага болгон жүктү азайтууга жана суу агызуу системасынын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга шарт түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media
Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media