"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

"Бишкек Аренага" кайдан барса болот? Шаттл-автобустар жүрчү 21 дарек

30-31-августта Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышына байланыштуу жол кыймылына маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМ шаар тургундарына жана конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.

Иш-чара өтүүчү "Бишкек Аренага" шаардын ар кайсы аймактарындагы 21 пункттан атайын шаттл-автобустар каттайт.

Шаттл-автобустардын жөнөө пункттары:

• Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
• Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);
• Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);
• А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);
• "Ак-Кула" автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;
• Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);
• "Туңгуч" кинотеатры, 64/1 (Туңгуч кичи району);
• Аул көчөсү, 10А/1 (Кожзавод);
• Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);
• Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);
• Алтымышев көчөсү, 98/1;
• Заречное айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 ("Глобус");
• Эркиндик бульвары, 1/А (Темир жол бекети);
• Жаш Гвардия көчөсү, 287 (Маевка айылы);
• Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);
• Шабдан Баатыр көчөсү (азыркы Чүй проспектиси), 52 (ДЕПО-2);
• Ю. Фучик көчөсү, 6 (ДЕПО-1);
• Дэн Сяопин проспектиси (азыркы Чүй проспектиси), 209;
• Гагарин көчөсү, 284 — Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жер;
• Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);
• Тыналиев көчөсү, 16.

Шаттл-автобустардын каттамдары жана кыймылы тууралуу толук маалыматты "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинен алууга болот.

ИИМ айдоочуларды 30-31-августта мүмкүн болушунча жеке унаадан баш тартууга чакырды. Бул жолдордогу жүктү жана тыгындардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтууга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media