Оштогу Авицена көчөсү кеңейтилет

Оштогу Авицена көчөсү кеңейтилет

Ош шаарынын Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Авицена көчөсүндө жол куруу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкелүү болуп, туурасы 26 метрге чейин кеңейтилет. Ошондой эле жолдун жээгине бордюрлар, ирригациялык тармактар орнотулат. Жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулат.

Учурда курулушка даярдык көрүү иштеринин алкагында электр мамычаларын, газ түтүктөрүн жана башка инженердик-коммуникациялык тармактарды көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Даярдык иштери аяктагандан кийин жолго асфальт төшөлөт.

Мындан тышкары долбоордун алкагында узундугу 24 метр болгон жаңы көпүрөнүн курулушу да каралган. Асфальт төшөө иштеринин жүрүшүндө коопсуздукту камсыз кылуу максатында жолдун айрым тилкелери убактылуу жабылышы мүмкүн. 

Ош шаардык мэриясы жарандардан алдын ала убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026" өттү

Бишкекте бүгүн Карагач токоюнда "Jashyl Dem Fest – KUZ 2026 – NATIONAL GREEN DAY" экологиялык фестивалы өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында бак-дарак отургузуу акциясы уюштурулду. Фестивалга Минкаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Ошондой эле мамлекеттик органдар, мэрия, ыктыярчылар катышты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү

Ишкер Media
Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Таш-Көмүрдө 150 орундуу оорукана жана спорт комплекси курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, шаарда 150 орундуу борбордук оорукананын, спорт комплексинин жана эс алуу

Ишкер Media
Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

Кыргызстанда алгачкы жолу мөңгү көлдөрүнүн жарылуусун эрте кабарлоо системасы орнотулду

ЮНЕСКОнун GLOFCA долбоорунун алкагында (Адаптация фондунун колдоосу менен) "Ала-Арча" суусунун бассейнинде эрте эскертүү системасын орнотуу жана сыноо иштери аяктады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалым болгондой, жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий өткөрүлүп берилди. Иш-чарага министрдин орун басары Нурбек Жумалиев жана ЮНЕСКО өкүлдөрү катышты. Система климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Ишкер Media
Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Көк-Бел жана Кайыңды чакан ГЭСтеринин курулушу башталды

Кара-Көл шаарында 2026-жылы Көк-Бел жана Кайыңды чакан гидроэлектр станцияларынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалганын анын абминистрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин шаарда чакан Кара-Көл ГЭСи пайдаланууга берилген. Ошондой эле шаарда "Аква Сервис" балыкты кайра

Ишкер Media