Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө
Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт.
Жыйында баяндама жасаган суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев белгилегендей, ратификациялана турган макулдашууга ылайык Ош облусунун Кара-Суу (26 айыл) жана Өзгөн (6 айыл) райондорундагы 178 миңден ашуун айыл тургунун борборлоштурулган, таза суу менен камсыз кылуу максаты коюлган. Тагыраагы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 60 миллион доллар өлчөмүндөгү насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө.
Талкуу маалында депутат Гүлай Машрапова долбоорго киргизилген айылдар кандай критерийлер менен тандалганын сурап, Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагындагы айрым айылдарда таза суу маселеси курч экенин жүйө келтирди.