Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады.

Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга жетишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдү улантып, макулдашуунун долбоорун 2027-жылдын биринчи кварталында кол коюуга даярдоону макулдашты.

Белгиленгендей, макулдашуу эки өлкөнүн резиденттеринин кирешелерине кош салык салууну жоюуга, салык төлөөдөн качуунун алдын алууга жана салык милдеттенмелеринин ачыктыгын камсыз кылууга багытталган.

Ошондой эле документтин кабыл алынышы Кыргызстан менен Камбоджанын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестиция тартууга жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media
“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media