Жаңы тариф саясаты: Энергетика министрлиги сандар каяктан чыкканына ачыктама берди

Жаңы тариф саясаты: Энергетика министрлиги сандар каяктан чыкканына ачыктама берди

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 22-апрелде өткөн пресс-конференцияда электр энергияга болгон жаңы тарифтер жана алар кантип эсептелип чыкканы тууралуу айтып берди.

Министрдин айтымында, жаңы тариф саясаты керектөөчүлөрдүн бир канча тобун өзүнө камтыйт. Биринчи топ – бул жардамга муктаж үй-бүлөлөр. Алар үчүн тариф 0.74 сомдон. Экинчи топ – оор климаттык шартта жашаган бийик тоолуу жана алыскы райондун жашоочулары, алар үчүн тариф – 1.04 сомду түзмөкчү.    

Калган керектөөчүлөрдүн баары электр энергияны өз баасында төлөй турган категорияга кирет. Алар 2020-жылы 1.48 сомдон, бирок эгерде кышкысын саатына 1000 киловаттан жогору колдонсо, анда 2.29 сомдон төлөшөт.

Андан сырткары өндүрүш ишканалары үчүн тариф 2.38 сомду түзсө, коомдук транспортту тейлеген ишканалар 1.68 сомдон, насостук станциялар – 1.48 сомдон, алтын рудасы менен алектенген компаниялар жана майнинг субъектилери – 4.76 сомдон төлөшмөкчү.   

Бул сандар каяктан чыкты?

Турдубаевдин берген маалыматына ылайык, 1.48 сомдук тариф негизги тариф болуп эсептелет жана бул энергетика компанияларынын 2020-жылдагы чыгашалырынын негизинде коюлган. Бул тариф импорттолгон электр энергияны, ЖЭБ Бишкектин генерациялоосун көбөйтүүгө күйүүчү майга кеткен кошумча чыгымды жана энергосектордун насыяларын камтыбайт.  

2.29 сомдук тарифи – бул энергетика компанияларынын 2022-жылга чейинки чыгашаларынан эсептелген болжолдуу сан. Ал импорттолгон электр энергияны, ЖЭБ Бишкектин генерациялоосун көбөйтүүгө кеткен күйүүчү майга болгон кошумча чыгымдарды, сырткы кредиттерди жана энергосектордогу насыяларды ичине камтыйт. Министр кошумчалагандай, электр энергиясын саатына 1000 кВт чейин чектеген тариф – керектөөчүлөрдү үнөмдүү колдонууга үйрөтөт.

Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө каралган тариф – негизги тарифтин 50% дык өлчөмүндө эсептелген. Бийик тоолуу жана алыскы аймактардын жашоочуларына каралган 1.04 сомдук тариф болсо, ЖЭБ Бишкек жана Оштун электростанцияларынын чыгымдарын эске албаганда өздүк наркы менен эсептелген.

Ишканалар үчүн коюлган тариф болсо инфляциянын коэффициенти менен 2.38 сомго чейин көтөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Киев–Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкекте Киев–Раззаков көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкекте жылуулук тармагын реконструкциялоо иштеринин кийинки этабы башталып, Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Мэриянын маалыматына ылайык, Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук тармагын жаңылоо иштери ийгиликтүү аяктады. Анын алкагында диаметри 219 мм жана 273 мм болгон түтүктөр алмаштырылды. Эми "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы реконструкциянын

Курулуштагы көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы боюнча рейд жүрүүдө

Курулуштагы көрктөндүрүү талаптарынын аткарылышы боюнча рейд жүрүүдө

Бишкекте курулуп жаткан эки көп кабаттуу турак жайда аймактарды көрктөндүрүү талаптары сакталбаганы аныкталып, курулуш компанияларына административдик чаралар көрүлүүдө. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин “Курулуш объекттерин ишке ашырууда аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйругунун негизинде борбор калаада курулуш объектилерин текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар уланууда. Мамлекеттик архитектура-курулуш

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды