Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

18-ноябрда Куала-Лумпур шаарында КРнын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаевдин Малайзиянын улуттук темир жол оператору Keretapi Tanah Melayu Berhad (KTMB) компаниясынын башкы директору Азлан Шах Аль Бакри менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Маалым болгондой, тараптар "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы менен KTMB ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде жүк ташууларды өнүктүрүү жана темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Анда Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азиянын транспорттук тутумдарын өз ара байланыштыруунун келечегине, анын ичинде "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушун эске алуу менен өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар мындай транспорттук каттамдын түзүлүшү АСЕАН өлкөлөрүнүн Борбордук Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Европанын рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ал эми Кыргызстан үчүн Малайзиянын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын башка мамлекеттеринин рынокторуна чыгууга кошумча шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун техникалык жана укуктук параметрлерин талкуулоо максатында эки өлкөнүн эксперттик деңгээлдеги өз ара сапарларын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди. 

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат