Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчиден болуп Airbus A220 авиалайнерин колдонууга киргизет

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчиден болуп Airbus A220 авиалайнерин колдонууга киргизет

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчиден болуп Airbus A220 тобундагы жаңы моделдеги авиалайнерди эксплуатацияга киргизет. Авиакомпания «Эйр Манас» аталган учактын оператору болмокчу. Мындай маалымат менен ААК «Манас» эл аралык майданынын маалымат кызматы билдирди.

«Жогоруда айтылган учак Кыргызстанга апрель айында алынып келинүүсү күтүлүүдө. Аталган А220-300 үлгүсүндөгү аба транспорту эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы биринчи учак болмокчу. Экинчи мындай авиалайнер 2021-жылы келүүсү күтүлүүдө», – дейт «МЭАМ» ААКму.  

Жогорку класстагы мындай авиалайнерлерди эсплуатациялоо Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ – ата-мекендик авиация кыйынчылыктарды жеңүүгө жана алдыга жылууга аракет кылууда. Анткени сапаттуу авиациялык кызматка болгон калктын талабы күн сайын өсүп барат. А220 тобундагы жаңы учактын пайда болушу, авиакомпаниялардын эл аралык стандартка умтулушу, жакынкы келечекте өлкө 2006-жылы кирип калган «кара тизмеден» чыгуусуна түрткү болот. Бул Кыргызстандын европалык жаңы авиация базарына кирүүсүнө жол ачат деген ишеничте экенин компаниядан билдиришти.

Учактар тууралуу

Алып келине турган A220-300 учагы биринчи класстык компоновка салонуна ээ жана 145 жүргүнчүнүн кеңири, комфортабелдүү учуусуна  ылайыкташтырылган. «Эйр Манас» бул учакты ички жана эл аралык КМШ, Чыгыш Азия багыттарына учурууну пландоодо. Аталган лайнердин жогорку ыраактыгы алыс аралыкка эч кандай токтобостон учуусуна мүмкүндүк берет.  

AIRBUS авиалайнерин эксплуатациялоо үчүн «Эйр Манас» компаниясынын  тажрыйбалуу экипаж жана техникалык жумушчулары Франкфурт жана Цюрихте (Lufthansa Flight Training Center) окуп, AIRBUS Canada компаниясында A220 учагынын кызматкерлерин даярдоо курсунда да толук кандуу даярдыктан өтүштү. Белгилей кетчү нерсе, ата-мекендик адистер биринчи жолу чет элдик эң ири авиакуруучу компаниядан аттестация алышты.

А220 тобунун учактары жаңы технология менен жасалгандыгы үчүн эң тынч учуучу жана экологиялык таза болуп эсептелет. Бул типтеги авиалайнерлер эски муундагы учактарга салыштырмалуу бир орунга кеткен күйүүчү майды 25% га чейин үнөмдөйт жана 50% га чейин аз үн чыгарат, ал эми оксид азотун нормадан 50% га аз бөлүп, айлана-чөйрөгө да зыяндуулугу азыраак.  

Бүгүнкү күндө, AIRBUS А220 тобундагы 140 тан ашык учакты чыгарып, аны «Эйр Манас» компаниясын кошкондо тогуз операторго бөлүп берген. Бул Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет. Ошондой эле мындай учактар Азияда, Америкада, Европада жана Африкада ийгиликтүү колдонулат.   

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу