Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүү – Кумтөрдөн көз каранды

Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүү – Кумтөрдөн көз каранды

Евразия өнүктүрүү банкы бул жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүүсүнүн калыбына келүүсүн божомолдоодо. Бирок өсүү динамикасынын келечектеги орто мөөнөтүн Кумтөрдөгү өндүрүштөрдүн көрсөткүчтөрү аныктайт. Бул тууралуу банктын макроэкономикалык серептеринде айтылат.

ЕАӨБнын экономисттеринин баа беришине караганда, Кыргызстандын ИДӨнүн (ички дүң өнүм) өсүүсү – 3.9% ды түзөт. Буга өткөн жылга салыштырмалуу бул жылдагы санитардык чектөөлөрдүн азайышы өбөлгө түзмөкчү. 

Бирок Centerra Gold компаниясынын планына ылайык, рудниктеги алтынды өндүрүү 2021-жылы 12%га азаймакчы, бул өз кезегинде ИДӨдүн өсүүсүн 1-1.3% га чейин түшүрөт. Бирок дүйнөлүк базардагы алтынга болгон кымбат баанын сакталуусу – алтын өндүрүү секторундогу терс көрсөткүчтөрдү кандайдыр бир деңгээлде нивелирдейт деп эсептешет финансы институтундагылар.

Эксперттер экинчи кварталда соода жана кызмат секторлорунда (СБ, ресторандар, профессионалдык кызмат көрсөтүү тармактары) жакшы жандануу болоорун айтышууда. Бирок туристтик жана транспорт секторундагы активдүү калыбына келүү көп убакытты талап кылышы мүмкүн.

Болжолдонгон акча которуулардын агымынын өсүшү ички талапка колдоо көрсөтөт. Башка соода кызматташта болгон мамлекеттердеги карантиндик чектөөлөрдүн азайышы – кыргызстандык өндүрүмдөрдүн сыртка чыгуусуна оң таасирин тийгизи мүмкүн деп болжолдойт ЕАӨБ.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДӨ кескин рекорддо ылдыйлап, 8,6%ды түзгөн. Кумтөр болбосо экономиканын төмөндөөсү – 9%ды түзмөк.  

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу