«Общее дело» коомдук фонду шайлоодо эмнеге жарандар добуштарын сатаары тууралуу изилдөө жүргүздү

«Общее дело» коомдук фонду шайлоодо эмнеге жарандар добуштарын сатаары тууралуу изилдөө жүргүздү

Социологиялык сурамжылоого ылайык, 19-28-февраль аралыгында,  республика боюнча парламенттик жана президенттик шайлоодо административдик басымдан улам добушун саткан 1 201 адамга сурамжылоо жүргүзүлгөн.

  Сурамжылангандардан канчасы добуш саттуу тууралуу маалыматка ээ жана кайсы булактардан:

  • Добуш сатуу тууралуу уккандар – 38%
  • Добуш сатууга күбө болгодор – 27%
  • Добуш сатуу тууралуу жакын адамдарынан уккандар – 47%
  • Калгандары башкалардан угушкан 

Добуш сатуунун негизги себептери:

  • Убактылуу баюу каалоосу – 46%
  • Кедейликтин айынан – 33%
  • Коркуу жана мажбурлоо – 6%

Организациянын эксперти Бакытбек Самаковдун айтуусуна караганда, мындай көрсөткүчтөр жарандардын саясий маданиятынан кабар берет. Негизги фактор катары ал убактылуу байып кетүү каалоосун көрсөтөт. Анткени укуктук маданият, тандоочулардын маданияты, саясатчылардын өздөрүнүн саясий маданияты да жарандарды ушундай каалоолорго түртөт.

«Общее дело» фондунун өкүлү Аида Суйундуева болсо «убактылуу байып кетүү каалоосун» негизги себеп катары көрбөйт. Анын оюнда, маселе андан да тереңирээк жана аны шашпай изилдеп чыгыш керек.

Сурамжылоого катышкандар добуш сатууну кантип жок кылса болоорун атышкан:

  • Мыйзам бузгандардын мамлекеттик кызматка келүүсүнө тыюу салуу – 32%
  • Мыйзам бузгандардын мамлекеттик кызматка келүүсүнө тыюу салуу – 32%
  • Маселени кантип чечүүнү билбегендер – 2%

«Общее дело» фондунун пикиринде, жарандар шайлоодо добушун сатса – кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу мүмкүн экендиги тууралуу билишпейт.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу