Баткен областына дээрлик 1000 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн

Баткен областына дээрлик 1000 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн

Баткен областына 572 тонна эң керектүү азык-түлүк, анын 515 тоннасы областка (116 тоннасы областтын кампасында турат) жөнөтүлгөн. Бул тууралуу 4-майда брифингде Чукул кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

 «Мындан сырткары, 359 тонна чукул гуманитардык жардам чогулган. Бул жардам үчүн ЧКМгинин түштүк жергесиндеги 120 адамдан турган тобу жана жүк ташууга 17 автотехника тартылган», – деп билдирет Шамырканов.

Ал белгилеп кеткендей, гуманитардык жардамды чогултуу жана өткөрүп берүү тартиптүү негизде болуш керек, болбосо, башкаруу кыйындап кетээрин айтат.

 «Андыктан биз Бишкекте К. Кожомкул Спорт сарайын кошкондо жардам чогулткан төрт пункт ачтык. Бул жерде товарды түшүргөндө алардын тизмеги менен бирге коштомо кагаз жана ССМнин печаты коюлган официалдуу кагаз берилет. Анын электрондук варианты автоматтык түрдө Баткендеги штабга жөнөтүлөт. Ошентип ал жердегилер кайсы товар кайсы районго кетээрин алдын ала билишет. Бул чукул берилген жардамдарды башкаруунун туура жолу», – дейт министрдин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу