Донорлор суу менен камсыз кылууга Ноокатка жарым миллион сом бөлүшөт

Донорлор суу менен камсыз кылууга Ноокатка жарым миллион сом бөлүшөт

Европалык Реконструкция жана Өнүгүү Банкы (ЕРӨБ), Евросоюз жана Япония Ош областынын Ноокат шаарчасын суу менен камсыз кылуу долбооруна 4.8 млн евро (азыркы курс менен 490 млн сом) бөлөт.

ЕРӨБнын маалымат кызматынын өкүлү билдиргендей, Ноокаттын эскирип калган, суу менен камсыз кылуу тармагын жаңылоо долбоорун башташат. Бул каржылоо шаардагы суу өткөрүүчү тармакты жаңыртууга, суу эсептегичтерин коюуга, өрт гидранттарын, атайын жабдыктарды жана системага кызмат кылган транспортторду сатып алууга жумшалмакчы.  

Инвестиция реконструкцияланган системадагы сууну тазалоого жана таасирдүү насостук станцияларды курууга багытталат.

ЕРӨБнын долбоору 15 жылдык кредит катары 2.2 млн евро берсе, Евросоюз капиталдык грант катары 2 млн евро бөлмөкчү. Андан сырткары, инженердик-техникалык колдоого жана муниципиалдык ишканалардагы корпоративдик башкарууну жакшыртууга, бухгалтердик учет, компаниянын операциялык ишмердигин алпарууга Япония 600 миң евро берет.

Бул жардамдардын негизинде муниципиалдык ишканалар азыркы кардарлар базасын 10 миңден 26 миңге чейин көбөйтүп, финансылык абалын турукташтырып, керектөөчүлөрдү таза суу менен он жылдар бою камсыздай алат.  

Натыйжада, компания 1.65 млн м3  ичүүчү сууну үнөмдөйт жана 93 миң кВт/с энергияны жоготууну кыскартат.

Долбоордун жыйынтыгында:

  • Ноокаттын 26 миң  жашоочусу таза суу менен камсыз болот
  • Суу ресурстары туура колдонулуп, энергия үнөмдөлөт

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу