Кыргызстандагы банктардын активдери бир жылда 16%га көбөйдү

Кыргызстандагы банктардын активдери бир жылда 16%га көбөйдү

2020-жылы Кыргызстандагы банктардын жалпы активдери бир жылда 16%га көбөйдү жана 289.5 млрд сомду түздү (2019-жылдын аягында – 249 млрд сом болгон). Мындай маалыматты Улуттук Банк билдирди.

Ошол эле кезде банктардын милдеттенмелери жылдын башынан тартып 18%га өстү жана 243.5 млрд сомду түзгөн (2019-жылдын аягында – 206.9 млрд сом болгон).   

Банк секторундагы кардарлардын кредиттик портфели 162.6 млрд сомду түзүп, 11%га көбөйгөн (2019-жылы – 146.4 млрд сом болгон).

Тармактардагы кредиттер:

  • өнөр-жай – 14.1 млрд сом (+21%)
  • ипотека – 17.3 млрд сом (+13%)
  • соода тармагы – 41.7 млрд сом (+12%)
  • айыл-чарба – 30.5 млрд сом (+10%)
  • курулуш – 13.7 млрд сом (+5%)
  • керектөөчү кредиттер – 17.4 млрд сом (+1%) 
  • башка кредиттер – 27.9 млрд сом (+15%) 

Банк секторундагы кардарладын жалпы депозиттик базасы – 180.9 млрд сомду түзүп, ал жыл башынан тартып 20%га көбөйгөн (2019-жылы болсо – 151 млрд сом)  

Анын ичинде депозиттер:

  • бийлик органдары –  9.2 млрд сом (+33%)
  • башка финансы-кредиттик организациялар – 2.8 млрд сом (+32%).  
  • юридикалык жактар – 60.5 млрд сом (+28%)
  • физикалык жактар – 96.8 млрд сом (+15%)
  • резидент эместер – 11.6 млрд сом (+9%)

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу