Микрокредиттерди алган кыргызстандыктардын саны 13 %га өстү

2020-жылы микрокредиттерди алган кыргызстандыктардын саны 13 %га өстү. Тагыраак айтканда, 625 миңден 707 миңге чейин көбөйгөн. Бул тууралуу улуттук статистикалык комитети билдирет.

Өткөн жылы микрокредиттик организациялар 31.1 млрд сом же 2019-жылга салыштырмалуу 3 %га көп насыя берген.

Эң көп сумма Ош (6.8.млрд сом) жана Жалал-Абад (4.9 млрд сом) областарында берилип, Бишкек (4.9 млрд сом), Чүй областында болсо (4.2 млрд сом) насыя алуучулардын саны бираз аз болгон.

Микрокредиттердин басымдуу бөлүгү дээрлик 34% – айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө кеткен. 28% болсо – керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына, 10% – соода жана коомдук тамактануу тармактарга, 8% – курулушка жумшалган.  

Насыяларды кайтарып берүүнүн деңгээли 95%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2%га көбөйгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду