Сот «Кумтөр Голд» компаниясын 263 млрд сомго доого жыкты

Сот «Кумтөр Голд» компаниясын 263 млрд сомго доого жыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 7-майда төрт адамдын «Кумтөр Голд Компани» (Centerra Gold Inc. алтын өндүрүүчү компаниясынын туунду компаниясы ) ЖАКна болгон доо арызын канааттандырды. Ага ылайык, Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө келтирилген зыяндар үчүн 261.7 млрд  сом, андан сырткары 1.3 млрд сом улуттук салык (пошлина)  мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилди.  

Сот иши Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын үстүнөн жазган арызынын негизинде башталган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.  

Октябрь райондук соту бул арызды канааттандырып, соттун чечими төмөндөгүдөй болгон.  

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКун Кыргызстандагы Кумтөр алтын кениндеги аракеттери жана Давыдов, Лысый мөңгүлөрүндөгү калдык топтоочу жай мыйзамсыз деп табылсын.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы мамлекетке 261 719 674 080 (эки жүз алтымыш бир миллиард жети жүз он тогуз миллион алты жүз жетимиш төрт миң сексен) сомду мамлекеттин пайдасына төлөп берсин.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 1 308 653 370  (бир миллиард үч жүз сегиз миллион алты жүз элүү үч миң үч жүз жетимиш) 40 тыйынды мамлекеткен төлөп берүүгө милдеттендирилсин.  

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу