Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-апрелинде, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.8%га төмөндөдү

Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-апрелинде, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.8%га төмөндөдү

Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-апрелинде, алдын-ала баалоо боюнча, өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3.8%га төмөндөө менен 166 млрд ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-апрелинин деңгээлинен 1.1 пайызга өсүү менен 149 млрд жакын сом өлчөмүндө түзүлдү. Мындай маалыматты КРнын улуттук статистикалык комитети билдирет.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 10.4 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-апрелинде 2.5% төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 1.3 пайызга жогорулады (2020-жылдын январь-апрелинде 5.3%га төмөндөѳ болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49.7%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь–апрелине салыштырмалуу 0.1%дык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 36%ды түзүү менен 2.7%дык пунктка төмөндөдү.

Өнөр жайдын ИДПдагы үлүшү 23.7%ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%дык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша, 4.2%га жана 1.2%дык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 8.1%ды түзүү менен 0.5%дык пунктка көбөйдү.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу