Канаданын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери Кумтөр кенине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

Канаданын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери Кумтөр кенине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

Канаданын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери кыргыз тоо-кен тармагындагы акыркы окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүүсүн таратты.

«Кыргыз Республикасынын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсызданып турабыз. “Ачык акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамга жана биздин түшүнгөнүбүз боюнча, депутаттар «Кумтөр Голд» компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулай турган парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна байланышкан окуялардын өнүгүшүнө көз салуудабыз. Бул эки окуя тең негизинен Кыргызстанга келүүчү чет өлкөлүк түз инвестициялар үчүн узакка бара турган жыйынтыктарга жеткиргенине байланыштуу тынчсыздандырат.

Таза, акыйкаттуу ишкерлик чөйрөсү COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү иштеринде өзгөчө чечүүчү маанини ээлейт. Ал эми соодага жана чет өлкөлүк түз инвестицияга терс таасир берген чаралар кыргыз элинин ансыз да морт болуп турган экономикасына залалын тийгизет.

Биз коммерциялык макулдашуулар колдоо таап, ал эми келишпестиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен чет өлкөлүк инвесторлордун биргелешүүсү менен тез арада жана тынчтык жолунда чечилет деп ишеним артабыз», – деп айтылат билдирүүдө.


Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров 14-майда «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамына кол койгон.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу