Өкмөт 100 күндүк биринчи кезектеги чаралардын аткарылышы боюнча отчет берди

Өкмөт 100 күндүк биринчи кезектеги чаралардын аткарылышы боюнча отчет берди

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, биринчи кезектеги чаралар планын аткаруу алкагында төмөнкү багыттар боюнча комплекстүү иштер аткарылды:

Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү:

  • уруксаат берүүчү документтердин маалыматтык электрондук порталы ищтелип чыкты, ал ишкердикти жүргүзүү үчүн зарыл уруксаат берүүчү документтер тууралуу бирдиктүү маалымат булагы болуп саналат
  • Россия Федерациясынын Өкмөтү менен идентификациялоо каражаттары аркылуу товарларды маркировкалоо тутумун түзүүдө акысыз техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу Келишимге кол коюлган
  • энергиянын жаңыланып туруучу булактары долбоорлору үчүн жерге (мамлекеттик жана токой фонду) уруксаат алуу жеңилдетилди.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана жеңилдетүү жаатында:

  • 2021-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин жарандардын айрым категорияларына, анын катарында 18 жашка чейинки жетим балдарга, 70 жаштан ашкан пенсионерлерге жана башка жактарга ички паспортторду (ID-карта) акысыз берүү боюнча Улуттук кампания ишке киргизилди
  • 2021-жылдын 3-майынан тарта биометрикалык чет өлкөлүк паспортторду алууга арыздарды кабыл алуу башталды
  • «open space» форматында төрт жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды
  • 2021-жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспортун тариздөө тутуму ишке киргизилди, ошондой эле транспорттук каражаттардын электрондук паспортун тариздөө жүрүүдө. Аталган тутум ЕАЭБ аймагында мыйзамдуу болуп саналат
  • 2021-жылдын башталышынан тарта мамлекеттик электрондук тейлөө порталында 24 мамлекеттик тейлөө жана сервис көрсөтүү (жалпысынан 123 тейлөө көрсөтүү) ишке ашырылган
  • мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүүдө жарандардан жана юридикалык жактардан маалымкаттарды жана документтерди суроо процедурасы жоюлган
  • кыймылсыз обьектилерди долборлоого, курууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат документтерин берүү боюнча маалыматтык тутум иштелип чыккан жана 54 шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктар ишке киргизилген
  • uslugi.gosstroy.gov.kg порталы иштелип чыккан, анда уруксаат документтерин алууга арыздар электрондук форматта кабыл алынып, аны көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү каралган (бүгүнкү күндө республика боюнча 8 230 арыз жана  1097 колдонуучу катталган)
  • экспертизага электрондук форматтагы долбоордук-сметалык документтерди кабыл алуу боюнча www.gosexpertiza.gov.kg электрондук порталы иштелип чыгып, тесттик режимде ишке киргизилген (1 этап).

Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында:

  • социалдык жактан маанилүү товарларды жана азык-түлүк продуктуларына баалардын туруктуу деңгээлин кармап туруу үчүн 3,0 миң тонна кумшекер жана 1,0 миң тонна өсүмдүк майын сатып алууга 318,0 млн сом бөлүнгөн
  • Россия Федерациясынан 2213,9 тонна кумшекер жана 506 тонна өсүмдүк майы алынып келинген, алар калктын социалдык аяр катмарына бөлүштүрүлүп берилет.

Саламаттык сактоо жаатында:

  • Саламаттык сактоо мекмелеринде «Электрондук жеңилдетилген рецепт» маалыматтык тутуму ишке киргизилди
  • «COVID 19 вакцинациясынын учету» жана «Гуманитардык жардам эсеби» маалыматтык тутуму ишке киргизилди
  • Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгуга убактылуу тыюу салынды
  • COVID-19 илдетине каршы вакцинациялоо боюнча Улуттук план кабыл алынды
  • «COVID-19суз саякаттайм» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын аймагына жаңы коронавирус инфекциясына иликтөөлөрдүн терс натыйжасы көрсөтүлгөн шартта кире алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

12-майга карата пландаштырылган 50 иш-чаранын 29у аткарылды, ал эми 12ден ашык иш-чаралар аяктоо алдында турат.

Артыкчылыктуу иш-чаралар планынын пункттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты угуп, Министрлер Кабинетинин төрагасы мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, 10-июнга чейин бардык иш-чаралар натыйжалуу жана толук көлөмдө аткарылышы керектигин белгиледи.

«Ар бир жетекчи биринчи кезектеги чаралар планынын пункттарынын аткарылышы үчүн жекече жооп берет. Ушул документти ишке ашырууда шалаакылык көрсөткөн жактар үчүн кызматтан бошотууга чейинки тартиптик чаралар колдонулат», – деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу