Президент «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президенти Садыр Жапаров «КР айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» КР мыйзамына, КР Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, жумуштар таасирин тийгизген аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирээри тууралуу президенттин маалымат сайты билдирет.

Эске салсак, буга чейин Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) белгилегендей, акыркы өзгөртүүлөр концессиялык келишимдин негизинде жер казынасын пайдалануу укугун жүзөгө ашырган акционердик коомдорго тиешелүү. Мындай шартта Кыргызстанда “Кумтөр Голд” ишканасы гана иштейт.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компаниясын” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөөгө милдеттенлирилген.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу