Centerra Gold Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүгө даяр

Centerra Gold Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүгө даяр

Канадалык Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын үлүшү 26.4%) алтын өндүрүү компаниясы «Кумтөр» долбоору боюнча КРнын бийлиги менен конструктивдүү сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат.

«Биз өкмөт менен талаштуу деп эсептелген маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүгө барууга даярбыз. Ошол эле учурда, өкмөттүн акылга сыйбаган иш-аракеттери бизди Centerra Gold компаниясынын кызыкчылыгын, акционерлеринин жана туунду компаниясы «Кумтөр Голд» компаниясынын кызыкчылыктарын бардык мыйзамдуу жолдор менен, анын ичинде милдеттүү эл аралык арбитраж аркылуу коргонууга аргасыз кылат», – деп билдирет. 

«Кыргыз бийлигинин акыркы иш-аракеттери «Кумтөр» долбоорунун фундаменталдык негизин бузуп гана тим болбостон, 2700дөн ашуун кызматкерлердин (алардын 99% кыргыз жарандары), жүздөгөн жергиликтүү тургундардын, жашоо-тиричилигиндеги каржы маселесине коркунуч келтирүүдө. Ошондой эле бул өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү жана жумуш орундары менен камсыз кылган «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын позициясынан келип чыккан олуттуу баалуулуктарды жок кылуу коркунучун туудурат», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.  

 Компаниянын айтканына караганда, аталган иш-чаралар Centerra Gold ишканасынын  Кумтөр кенинин иштөө мөөнөтүн дагы беш жылга – 2031-жылга чейин узартуу үчүн кошумча капиталдык салымдар катары 2 млрд доллар бөлүү пландарына шек келтирет.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу