Канада бийлиги «Кумтөр» боюнча чечимге нааразы

Канада бийлиги «Кумтөр» боюнча чечимге нааразы

Бүгүн Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы акыркы окуялар боюнча биргелешкен билдирүүсүн жарыялап, анда «Кумтөр Голд» ишканасына тышкы башкаруу киргизүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимине нааразы экенин билдиришкен.

«Канада КРнын маанилүү инвестициялык өнөктөшү катары тоо-кен тармагында уланып жаткан акыркы окуяларга тынчсызданууда. Биз КРнын парламенти 17-майда өткөргөн кезексиз жыйынында «Центерра Голдго» көзөмөл жүргүзүү үчүн «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү тууралуу чечим кабыл алганына, ошондой эле Кыргызстан көптөгөн эл аралык активдер менен канадалык компаниянын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө жетише турганы тууралуу билдирүүгө таң калып турабыз. Бул КРга  түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал» – деп айтылат билдирүүдө.  

Ошондой эле Канада чет өлкөлүк инвесторлор менен КРнын Министрлер кабинетинин ортосундагы бул талаш – бирге иштешкен тараптар үчүн ачык-айкын чечилбегенине тынчсызданат.

«COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы толугу менен калыбына келтирүү үчүн ачык-айкын жана акыйкаттуу ишкердик чөйрөсү керек. Соода жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн төмөндөтө турган мындай чаралар кыргыз элинин экономикалык абалын ого бетер кыйынчылыкка кириптер кылат», – деп билдирет Канада тарап.

Эскерте кетсек, кечээ 17-майда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу