«Кумтөрдө» өндүрүш токтоп калса, бул орду толгус кесепеттерге алып келет – Тажибаев

«Кумтөрдө» өндүрүш токтоп калса, бул орду толгус кесепеттерге алып келет – Тажибаев

Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тыштан башкарууну киргизүү тууралуу токтом кабыл алынган. Натыйжада, министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындап, алтын кендеги өндүрүштү көзөмөлүнө алган.

Тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажибаев Economist.kg  басылмасына берген маегинде, компанияга тыштан башкаруу кандай тобокелчиликтерди алып келээри тууралуу айтып берди.

«Биринчи кезекте, керектүү жабдыктарды, запастык бөлүктөрдү, КММ сыяктуу каражаттарды алып келүүдө маселе жаралышы мүмкүн. Учурда ал жакта жолго коюлган конвейер лентасы бар, ошол үзгүлтүксүз жүрүп жаткан процессти токтотбош керек», – деп белгиледи Тажибаев.

Мындан тышкары, жетекчилик каражат менен камсыздаган жеткирүүчүлөр менен келишим түзгөн, алардын көбү – чет элдиктер.

 «Андыктан «Центерранын белгилүү бир рычагдары бар, алар Кыргызстанга жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Албетте, биз өндүрүштү токтотууга кызыкдар эмеспиз, анткени бул орду толгус жоготууларга алып келиши мүмкүн. Бир эле фабриканы калыбына келтирип, ишке киргизүү үчүн айлар кетет, ошондуктан жоготуулар да баарыбыз үчүн эбегейсиз чоң болот. Эң башкысы – өндүрүү процесси үзгүлтүккө учурабаш үчүн күйүүчү май сыяктуу каражаттар менен камсыздап турушубуз керек», – дейт ал.

Тоо-металлургия профсоюзунун төрагасынын айтканына ылайык, «Кумтөр» боюнча мамкомиссия бул сыяктуу маселелердин баары көз жаздымда калбайт деп ишендирген.

 «Учурда өндүрүш бир канча ай үзгүлтүккө учурабай тургандай запас бар. Бирок бул процесс андан ары да токтобой иштеп кетиш керек», – деп белгиледи Эльдар Тажибаев.

Эске салсак, кыргыз бийлигинин «Кумтөр Голд» ишканасын убактылуу тыштан башкаруу чечимине Канада нааразы экенин жарыялаган. Бул КРна келчү келечектеги инвестицияларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп билдиришкен Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен чакан ишкерлик, экспорт жана эл аралык сооданы өнүктүрүү министри Мэри Ын.   

Компаниянын өзүнүн расмий жарыялаган маалыматында «акыркы болгон окуяларга байланыштуу Centerra Gold «Кумтөрдү» башкарбай калганын» айткан.

 

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу