Акылбек Жапаров: «Кыргызстан казылып алынчу алтындар менен кредиттерден кутулат»

Акылбек Жапаров: «Кыргызстан казылып алынчу алтындар менен кредиттерден кутулат»

Жогорку Кеңештин депутаты, «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 20-майда түз эфирде пресс-конференция берүүдө.

Жапаров алтын өндүрүү иштери учурунда каза болгон жарандар тууралуу айтып, алардын өлүмдөрү боюнча иш козгоо аракеттери башталаары тууралуу сөз кылды.

«Азыр өлкөбүздүн экономикалык суверенитети үчүн согуш башталды. Биз баарын ачык-айкын айтабыз. Буга чейин кенде каза болгон кыргыз жарандарынын иштери мастерлердин же бригадирдин күнөөсү деп жабыла берген. Биз азыр 2018-2020-ж.ж. жарандардын өлүмдөрү боюнча иш козгойбуз», – деди ал.

Андан сырткары, келечекте казылып алынган алтындар аркылуу Кыргызстан алган насыяларынан кутулуу пландары тууралуу да билдирди.

«Тилекке каршы, буга чейин көп өлчөмдөгү алтындарыбыз чыгып кетти. Буюрса, өндүрө турган алтындарыбыздын эсебинен 20 жылга алган кредиттерибизден кутулсак, андан ары көп карыз албай экономикабызды оңдоп кете алабыз. Биринчи этап – алтын казуу болсо, экинчи этап – бул сатуу. Экинчи этаптагы алтынды кантип сатуу боюнча механизмин иштеп чыктык», – деди Жапаров.

Ошону менен катар, алтын кенин иштетүүдө баары бир тобокелчиликтер бар экенин да белгиледи.

«Албетте, өндүрүш иштеринде техникалык тобокелчиликтер бар, коопсуздукка эч ким кепилдик бере албайт. Бирок кыргыз жарандары учурда иштеп жатышат. Компьютердик программаларды өчүрүп кеткен канадалык менеджерлерге кылмыш ишин козгойбуз. Бул үчүн укук коргоо органдарына мүмкүнчүлүк беребиз» – деди «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу