УКМК: Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы кылмышка шектелүүдө

УКМК: Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы кылмышка шектелүүдө

КРнын УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Жылдыз Нурматовага кызмат абалынан пайдаланганы үчүн кылмыш иши козголду.

Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Жылдыз Нурматова кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Анын алдамчылык аракеттеринин фактылары аныкталып, натыйжада, арыз ээсинин материалынын негизинде, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) кылмыш курамы боюнча кылмыш иши козголду.


2020-жылдын октябрында Н.Ж. ишеним менен Ж.И. аттуу жаранга компаниянын өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 700 АКШ $ өлчөмүндөгү каражатты өзүнө ыйгарып алган.

Мунун менен катар, ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн, ал арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөтөт, ал бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларын камсыз кылат. Аталган элементтерге мыйзамдуулукту берүү максатында, Н.Ж. насыяланган каражаттарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен тиешелүү келишим түзгөн.

Мындан тышкары, Н.Ж. кызматтык бөлмөсүнө жана жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрү, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылган.


Учурда Н.Ж. катышкан башка мыйзамсыз фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу