Кореялык компания «Манас» аэропортунда ПЧР-лабораториясын ачты

Кореялык компания «Манас» аэропортунда ПЧР-лабораториясын ачты

Кореялык «BS Group» корпорациясы Бишкек шаарында «ABDSIO Lab» («Манас» эл аралык лабораториясы) ПЧР-лабораториясын расмий ачып жатат. Бул тууралуу аталган компаниянын төрагасы Пак Хё Рин бүгүн, 21-майда КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов менен болгон жолугушуусунда билдирди деп айтылат өкмөттүн маалымат кызматы.

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «BS Group» (AMSBIO, OMNISYSTEM) корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин (Корея Республикасы)  менен жолугушту. 

«BS Group» корпорациясынын төрагасы Пак Хё Рин маалымдагандай, компаниянын иши гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магниттик карталарды жана төлөм жабдууларын өндүрүү сыяктуу багыттарды камтыйт.

Пак Хё Рин атамекендик экономикага инвестициялоого кызыкдарлыгын билдирди жана компания бүгүн Бишкек шаарында «ABDSIO Lab» («Манас» эл аралык лабораториясы) ПЧР-лабораториясын расмий ачып жаткандыгын айтты. 

Лабораторияда бир күндө 14 миңге жакын адам ПЧР-тестирлөөдөн өтө алат, ал эми жыйынтыгы тест тапшырган соң бир сааттан кийин дайын болот. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «BS Group» корпорациясынын иши медициналык тармакта гана эмес, экономиканын башка тармактары боюнча да кеңейтилээрине ишеним билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу