Улуттук Банк Кумтөрдөн алтын сатып алууну чече элек

Улуттук Банк Кумтөрдөн алтын сатып алууну чече элек

УБ Кумтөрдөн алтын сатып алуу чечимин кабыл ала электигин билдирди. Бул билдирүү «‎Кумтөр Голд Компани» ишканасынын убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн УБ «Кумтөрдөн» 29 млн$га алтындын биринчи партиясын сатып алды деген маалыматынан кийин жарыяланган.  

УБ далилдегендей «Кыргызалтын» (мамлекеттик үлүшү 100%) чындыгында эле «белгиленген тартипке ылайык, Улуттук Банкка Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын кийинки партиясын сатып алуу» сунушу менен кайрылган.

Бирок бул сунуш азырынча каралууда. «Учурда бул сунушту кароо процесси белгиленген тартипте жүрүп жатат» – деп билдирет УБ.

Регулятор белгилегендей, өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, УБ жана КРнын өкмөтү республикада өндүрүлгөн алтынды алдын ала сатып алуу укугуна ээ.

Алтын-валюта резервдеринин көлөмүн толуктоо саясатынын алкагында, УБ жергиликтүү өндүрүүчүлөр сунуш кылган алтынды улуттук валютада гана сатып алат. Мындай операциялар «Кыргызалтын» ААК менен УБтын ортосундагы жалпы келишимдин алкагында гана жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу