Ооруканалардын карызы жарым миллиардга жетти – Экономика жана Саламаттыкты сактоо министрлигине маселени чечүү тапшырмасы берилди

Ооруканалардын карызы жарым миллиардга жетти – Экономика жана Саламаттыкты сактоо министрлигине маселени чечүү тапшырмасы берилди

Экономика жана Саламаттыкты сактоо министрлигине республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын насыялык карызы боюнча маселени тезинен чечүү тапшырылды. Бул буйрук 22-майда республикалык ыкчам штабтын кезектеги жыйынында вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова тарабынан берилди деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Учурда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы ооруканалардын карызы канча экендигин так айта элек. 

Economist.kg сайтынын маалыматы боюнча, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 2020-жылдагы акыркы жарыяланган отчетуна ылайык (ага чейинки отчеттор жок), Кыргызстандын саламаттыкты сактоо уюмдарынын кредитордук карызы 2020-жылдын 31-декабрына карата 586 млн сомдон ашык сумманы түзгөн.

ММКФду аталган карыздарды  COVID-19 жана жугуштуу пневмония менен ооруган жергиликтүү бейтаптарды дарылоонун наркынын жогорулашы жана кайрадан бөлүмдөрдүн ишке кириши, күндүзгү стационарларга кошумча керебеттердин алынышы менен түшүндүрөт.  

Мындан тышкары, чыгымдардын көбөйүшү – медициналык кызматкерлердин жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу менен байланыштуу болгон.

Кредитордук карыздын негизги үлүшүн – 267 млн сомдон ашык же 46%ын – дары-дармектерге жана жеке коргонуу каражаттарына болгон карыздар түзөт.

Алынган азык-түлүк үчүн 23 млн сом, коммуналдык кызматтарга 57 млн, буюмдарды жана материалдарды сатып алууга 31 млн, сатып алынган техника жана жабдууларга 26 млн сом сарпталган.

 

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу