Альтернативдик булактарды табалы – Кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырышты

Альтернативдик булактарды табалы – Кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырышты

Кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну, электр шаймандарын негизсиз күйгүзбөөнү, ысытуучу лампаларды колдонуудан баш тартууну жана үйдү жана сууну жылытуунун башка булактарына өтүүнү суранышты.

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, КРда электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнөн жана электр энергиясынын булагы болгон Нарын дарыясынын куймаларындагы кардын топтолушунун аздыгынан жана анын жетишсиздигинен улам алдыдагы жылытуу сезону оор болуусу күтүлүүдө.

Компания электр энергиясынын жетишсиздигин азайтуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлгөнүн белгиледи.

  • Биринчи чара – Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын алмашуу. 2021-жылдын март айынан 2022-жылдын март айына чейин алардан 1,65 млрд кВт/саат алынып, 2021-2023-жылдардын жай айларында 550 миллион кВт/саат үч этап менен кайтарылып берилет.
  • Экинчи чара – электр энергиясынын тартыштыгын жабуу үчүн Бишкек ЖЭБине кошумча жүктөөлөрдүн болушу болжол менен кошумча 1 млрд кВт/саат берет.
  • Кийинки эффективдүү чара – бул электр энергиясын бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларга жана электр энергиясын дүңүнөн сатып алуучуларга чектөө коюу.

Бардык РЭКтер – «Түндүк электр» ААК, «Чыгыш электр», «Жалалабатэлектро» жана «Ошэлектро» электр энергиясын керектөөнү белгиленген чектерге чейин азайтуу боюнча жигердүү иш алып барышат.

«Ошол эле убакта «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКнын бир канча жолу койгон талаптарына карабастан, эң ири «Электросила», «Энерготехсервис», «Глобал энерджи» жана «ЭК групп» сыяктуу электер энергиясын дүңүнөн сатуучулар керектөөнү белгиленген чекке чейин түшүргөнү байкалган жок», – деп билдирет маалымат кызматтан.  

Мындан тышкары окуңуз

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Юстиция үйү: Кыргызстанда укуктук жардам көрсөтүүнүн философиясы өзгөрүүдө

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда “Юстиция үйү” деген жаңы түшүнүк калыптанды. Учурда бул жөн гана администрациялык имарат эмес, бир чатырдын астында негизги мамлекеттик укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирген заманбап борбор болуп калды. Бул  долбоор Юстиция министрлигинин негизги багыттарынын бири катары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу менен бирге

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри "Чакан ГЭСтин" күз-кышка даярдыгын көзөмөлдөдү

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге "Чакан ГЭС" ААКнын күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. "Чакан ГЭС" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков маалымдагандай, күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында гидроэлектр станцияларындагы негизги жабдууларды

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков жолунун 144-чакырымында селдин кесепети жоюлууда

Ош–Баткен–Раззаков (эски багыт) унаа жолунун 144–145-чакырым аралыгында сел жүрүп, жолдун жээгине жана жол тилкесине зыян келтирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда окуя болгон жерде атайын техникалар иштеп, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Министрлик белгилегендей, жол каттамы жабылган эмес, унаалардын кыймылы уланууда. Алдын ала маалымат

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Баасы 48,1 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1996-жылы Сокулук районунун Манас айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол айылында жайгашкан жалпы аянты 1235,0 кв.м. түзгөн эки кабаттуу